Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаев менен Медер Машиевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Автор

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына жана Медер Машиевди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент БШКнын мүчөсү Марс Наспековдун ыйгарым укуктарын токтотту

Жогорку Кеңештин депутаттары Марс Наспековду Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карашты. Жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Наспеков өз каалоосу менен арыз жазганын белгиледи. “Мындай учурда депутаттар тарабынан суроолор болбойт”,-деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн