Бүгүн VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык: “Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт”.