Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди. Ал 2021-жылдагы парламентик шайлоодо элдин добушу боюнча 2-орунду жеңген.
Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган.