Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны башталды

Автор

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы  жыйыны өтүүдө. Жыйында төмөндөгүдөй  күн тартиби кабыл алынып, каралып жатат.

 

  1. “2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.01.2023-ж. кир.№ 6-638/23) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

 

  1. “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 29.12.2022-ж. кир.№ 6-26173/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

 

  1. “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.02.2023-ж. кир.№ 6-1510/23) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти, 16.12.2022-ж. кир. № 6-25167/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

  1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.09.2022-ж. кир.№ 6-19218/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

 

  1. “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.06.2022-ж. кир.№ 6-3368/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

 

  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.2022-ж. кир.№ 6-12772/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

 

  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 06.02.23-ж. кир. № 6-1725/23) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

 

  1. “2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) жылдык баяндамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

 

  1. Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун 2022-жылы үчүн жылдык баяндамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)
Бөлүшүү:
Next Post

«Эмнеге орозону 30 эмес, 29 күн кармайбыз?». Муфтият түшүндүрмө берди

Орозо айы 29 күн болобу, же 30 күн болобу? Бул талаш боюнча Муфтият түшүндүрмө берди. Түшүндүрмөдө төмөндөгүдөй айтылат: «Жыл сайын куттуу орозо айынын аяк ченинде “орозо 30 күн гана болушу керек” деген талаш-тартыштар күчөп, ортодо элдин башын айлантат. Диний маселелерди Алладан коркуу жана жоопкерчилик менен чече турган расмий диний идаара […]

Сизге жагышы мүмкүн