Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси эмнеге кармалды? УКМКнын жообу

Автор

УКМК тарабынан «Альянс» фракциясынан ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.
Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.
Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Кытай макалдары

1. Жетишпеген жагыңды айткандан баары душманың эмес, Мактагандын баары дос эмес. 2. Акырын жылгандан коркпо, ордуңда туруп калгандан корк. 3. Эгер тынчтыкты жакшы жагына өзгөртө албаса сүйлөбө. 4. Анчалык маанилүү эмес ишти тез бүтүр, а, эгер маанилүү болсо шашпай жаса. 5. Чоң дарыя тынч агат, акылдуу адам үнүн катуу чыгарбайт. […]

Сизге жагышы мүмкүн