Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаровдун отчётун жактырышты

Автор

Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жооп беришти.
Талкуу маалында депутаттар бир катар көйгөй, маселелер боюнча сөз кылышты.
Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин отчету жактырылды жана сунушталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Франция 2 миңден ашык украин аскерин окутту

Франция 2,3 миң украин аскеринен турган бригаданы окутууну аяктады. Бул тууралуу Франциянын коргоо министрлиги билдирди. Билдирүүдө украин аскерлери батыш өндүрүшүндөгү артиллерия жана башка куралдарды колдонуу менен ар кандай согуштук маневрлерди машыгып жаткан видеотасма кошо берилген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн