Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы иштеп баштагандан бери 359 мыйзам долбоору киргизилсе, анын 280 колдоо тапкан. Депутаттар тарабынан 132 мыйзам долбоору демилгеленген. Жалпысынан, президент 275 мыйзамга кол койгон. 84 Эл аралык келишим ратификацияланган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосунда дагы 79 мыйзам долбоору бар. Ал эми министрлер кабинети депутаттык 4047 суроо-талаптын үстүндө иш алып барган. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарга берген отчёт учурунда билдирди.