Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова туризм департаменти менен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун бириктирүүнү сунуштады.
Эл өкүлү башынан эле бюджети 1 миллиард сом болгон туризмди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өзүнчө фонд түзүүгө каршы экенин эске салды. Нарматова департамент менен фондду бириктирип, Туризмди өнүктүрүү агенттигин түзүүнү сунуштады.