Жогорку Кеңеште мигранттарды жайгаштыруу маселеси көтөрүлдү

Автор

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанга кайтып келген мигранттар боюнча иш алып баруу жана аларды кесибине жараша жайгаштыруу керектигин Сүйүн Өмүрзаков билдирди.
“Чет элден кайтып келишкен мигранттар боюнча өкмөт портал ачып, аларды кесибине жараша ишке жайгаштыруу маселесин чечиши керек. Жеке менчик сайттар чет элге ишке үндөп жатышпайбы? Ушул боюнча иш алып барышыңыздар керек”,- деди депутат.
Ал мамлекеттик мекемелерде дүмүрчөк алганда, салык боюнча отчет тапшырууда же, мүлктү кайра каттоодо маселелер көп жаралып жатканын, кээ бир учурда өзүнө таандык болбогон мүлктөр катталып, ошого салып алынып жатканы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Путиндин ден соолугунда көйгөйлөр жок

Россиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугу боюнча көйгөйлөрү жок. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Путин өкмөт менен өткөн жыйында сасык тумоо боюнча вакцинациялоо талкууланган учурда, Борбордук клиникалык ооруканада дайыма медициналык текшерүүдөн өтөрүн айтканы суроолорду пайда кылган. Песков белгилегендей, Путиндин клиникага баруусу кадимки профилактикалык максатта өткөрүлүүчү текшерүүлөр. Мурда […]

Сизге жагышы мүмкүн