Жогорку Кеңеште жаңы депутат Кубанычбек Самаков ант берди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Кубанычбек Самаков парламенттин  бүгүн, 27-сентябрдагы жыйынында ант берип, кызматына киришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-сентябрда №26 Ленин округунда өткөн парламенттик кайра шайлоону таанып, Кубанычбек Самаковго депутаттык мандат берген.

 

Кубанычбек Самаков парламенттеги «Элдик» депутаттык тобуна кирди.

Эске салсак, аталган округда 10-сентябрда кайра шайлоо өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп добушту Самаков алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат укук коргоо органдарын милдеттерин аткарууга чакырды

Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратура органдарынын ишин сындап, Жогорку Кеңештин чыгарган токтомдорун тиешелүү укук коргоо органдарынын аткаруусун талап кылды. “Учурда бир жыл болду ачылган кылмыш иштери ачыкка чыкпай белгисиз себептер менен жабылып жатат. Ал эми башкы прокуратура профсоюз федерациясынын […]

Сизге жагышы мүмкүн