Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Автор

Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон Алтынбек Кылычбаев бүгүн, 2-октябрда парламенттин жалпы жыйынында ант берип, ишине киришти.
Боршайком 30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттаган.
№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өткөн.

Эске салсак, Тазабек Икрамов өз эрки менен мандатын тапшырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аида Исмаилова депутаттардын сынына жооп берди

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаттарынын сынына жооп берди. Ал видео кайрылуу кылып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Элчи акыркы мезгилде кыргыз-кореялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди. Ал ишмердигине карата кара пиар жасагандар мыйзам алдында сөзсүз жооп берет деген үмүтүн билдирди. «Кээ бир адамдардын […]

Сизге жагышы мүмкүн