Жогорку Кеңеште Ататүрк паркынын тегерегиндеги маселе дагы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда парламенттин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев көтөрдү
Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, “токтотпойсуңарбы, дагы деле мэрия ошол жердеги жашоочуларды коркутуп, үркүтүп жатат. Бир киши өтө көп кабатырланып жатып, каза болуп калды. Бузуу – кайрадан куруу эмес. Мурдагылардын жаңылыштыгынын азабын ушулар тартыш керекпи”, – деди.