Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Автор

“Ата-Жур Кыргызстан” партиясынын депутаты Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды. Ал 2023-жылдын 23-ноябрында ант берип, мурдагы депутат Фархад Исмаиловдун ордуна келген эле.
Кечээ, 16-декабрда Чынберди Төлөновдон бошогон орунга Жайлообай Нышановдун мандат алганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганы жана 2017-жылкы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин шайлоо штабын жетектегени аркылуу коомчулукка белгилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Германияда өкмөт отставкага кетти

Премьер – министр Щольц Федерал парламенттин макулдугун алалган жок. Мындан улам парламент мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанмай болду. Өкмөттүн отставкага кетишине Олаф Щольцтун 7-ноябрь күнү өкмөттөгү өнөктөшү экономика министри Кристиан Линднерди кызматтан алганы себеп болгон. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер парламенттик шайлоону 16-февралга белгилеши мүмкүн. Учурда сурамжылоолор келечектеги канцлер Фридрих Мерц алдыда […]

Сизге жагышы мүмкүн