Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны жыйынтыкталды

Автор

Президент Садыр Жапаров Россиянын Москва шаарында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.
Кремлдин Чоң сарайында ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.
Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Россиянын президенти Владимир Путиндин мүчө мамлекеттердин делегация башчылары жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болду.
Андан соң ЖЕЭК жыйыны Армения премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун, Россия президенти Владимир Путиндин катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды.
Ошондой эле ЕАЭБ байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катары Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдер да сөз сүйлөштү.
Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты.
ЖЕЭКтин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери! Урматтуу кыргызстандыктар! Фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя. Мына ошондуктан 9-Май – Улуу Жеңиш […]

Сизге жагышы мүмкүн