ЖК электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Автор

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
ЖК мыйзам долбоорун II жана III окууда кабыл алды
Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымат берди.
Мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу. Алсак, электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келүү-1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Марк Рютте НАТОнун баш катчысы болуп дайындалды

НАТОнун элчилери Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттени альянстын башкы катчысы кызмат ордуна бекитишти. Бул тууралуу 26-июнда AFP агенттиги билдирди. «НАТО Нидерландиянын премьер-министри Рюттени альянстын башчысы кылып дайындайт»,-деп айтылат агенттиктин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө. Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте НАТОнун жаңы башкы катчысы болору 18-июнда белгилүү болгон. Анын голландиялык жалгыз атаандашы, Румыниянын президенти […]

Сизге жагышы мүмкүн