ЖК төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек эмнеге жаңы министрге нааразы болду?

Автор

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптештирүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып, эл өкүлдөрү макулдук берди.
Адегенде депутаттар талапкерге суроолорду берип, бирок кыргыз тилин жакшы билбегени нааразычылыгын жаратты.
Төрага Тургунбек уулу Нурланбек «Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда бир дагы жолу Санариптештирүү деп айткан жоксуз. Жалаң цифровизация, цифровизация дейсиз. Бул министрлик Санариптештирүү министрлиги деп аталат. Жок дегенде министрликтин аталышын толук кыргызча айтпайсызбы? Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда жарымынан көбү орусча. Тилди кордоп жатасыз. Тилди бузуп сүйлөгөн мода эмес да, тескеринче акылсыздык болуп жатпайбы?», — деди.
Эске салсак, бир күн мурун президент Садыр Жапаров министр Нурия Кутнаеваны кызматтан алып, анын ордуна Азамат Жамангуловду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Вашингтондогу авиа кырсык боюнча тергөө башталды

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Вашингтон алдындагы Рейган атындагы аэропорттун жанындагы аба мейкиндигинде жүргүнчү учагы менен аскердик тик учактын кагылышуусунун жагдайларын иликтөө дароо башталганын билдирди. «Издөө-куткаруу иштери уланып жатат. Армия жана Коргоо министрлиги дароо тергөө жүргүзүүгө киришти»,-деп жазды АКШнын коргоо министри Х социалдык тармагындагы баракчасында. Жүргүнчү учагында жалпы 64 адам […]

You May Like