“Эркелебей жөн жүрүңүз. Кыргызда сөз бар, “эркелесең эркеле, бирок, чалжыңдаба”-деген. Ар бир бийликтин учурунда эрке балдар болгон. Бирок, алардын тагдыры аянычтуу болгон. Эсиңизге келиңиз”,-деди төрага Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Нурдан Орунтаевге.
“Бүгүнкү жыйынга да келбей, өзгөчөлөнүп, чакыртылып келесиз. Жөн жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй”,- деп какты ЖК төрагасы.