ЖК тармактык комитети Аскар Акаевдин макамы боюнча арызын карады

Автор

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча жазган арызын карады. Комитет Аскар Акаевдин жазган арызын канаттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Эми бул маселе комитеттин токтомуна ылайык, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Жыйында депутат Гуля Кожокулова депутаттык комиссия түзүү сунушун айтып, баары мыйзам чегинде каралуусу керектигин белгиледи. Ал эми депутат Жанар Акаев комитеттин чечимин арызды канаттандыруудан баш тартуу сунушун айтты.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев ушул жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, кат жиберген

Бөлүшүү:
Next Post

Бердымухамедов 736 адамга ырайым кылды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 736 адамга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Кечирим берүү иш-чарасы кылмыш жасаганы үчүн соттолгон, бирок чындап эле кылган ишине өкүнгөн жарандарга байланыштуу уюштурулган. Иш-чара өлкөнүн 27-сентябрда белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнү урматына өткөрүлөт. Түркмөнстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, коргоо министри Бегенч Гундогдыевге кечирилген адамдарды жакынкы күндөрдө үйүнө жеткирүү […]

Сизге жагышы мүмкүн