ЖК Полотованы социалдык камсыздоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Автор

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды.
Жылдыз Полотованы министр кылып дайындоого 82 депутат макулдугун берди. Ал акыркы төрт жылдан бери сөз болуп жаткан министрликте орун басар болуп иштеп келген.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тынчтык саммитине катышууга макул болгондордун саны азайды

Швейцарияда Украина боюнча тынчтык саммитине катышууга макул болгон өлкөлөр жана уюмдардын саны 93төн 78ге чейин азайды. Иш-чарага катышуудан баш тарткан өлкөлөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн экени болжолдонууда. Украина боюнча саммит 15-16-июнда Бюргенштокто өтөт. Иш-чарада Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык формуласынын үч пункту талкууланмакчы. Жалпысынан ЕБ, БРИКС, G20 өлкөлөрүнөн 160тан ашуун делегация […]

Сизге жагышы мүмкүн