ЖК Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Автор

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жасалма интеллект шайлоодо талапкер болот

Жасалма интеллект шайлоодо талапкер болот Улуу Британияда AI Steve англиялык бизнесмен Стивен Эндакоттун аватары. Ал башка депутаттардын британ коомчулугу менен байланышпагандыгынан улам өз партиясын түзгөнүн билдирет. Процесстин жүрүшүндө шайлоочулар менен түз байланышуу үчүн инновацияларды колдонуп жатат. Технология бир убакта 10 миңге чейин маектешүүнү жүргүзө алат. Азыр робот королдуктун тургундарынын каалоо-тилектерин […]

Сизге жагышы мүмкүн