ЖК Курманкул Зулушевди башкы прокурорлук кызматтан бошотууга макулдун берди

Автор

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотууга президенттин сунуштамасын колдоп беришти.
Жыйында “Курманкул Зулушев жакшы иштеди. Биринчи жолу Башкы прокуратурада нагыз кыргыз үрп, адат, нарк насилин жашаткан, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзгөн Башкы прокурор болду. Дагы мекенге кызмат кылаар күндөрү алдыда”,- деди Балбак Түлөбаев.
Депутат кызматтан кеткен башкы прокурорго ийгилик каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК мамлекеттик желекти өрттөгөндөрдү кармады

Сузак районунда эки мектепте илинүү турган мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазылган ак чүпүрөктү илип кеткендер менен аны уюштургандарды бүгүн, 5-июнда УКМК кармап, убактылуу жайына киргизди. УКМК билдиргендей , 30-майда Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мамлекеттик желекти өрттөгөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 16 жана 19 жаштагы кыз мүчөлөрү кармалышкан. Мындан башка […]

Сизге жагышы мүмкүн