ЖК комитети транспорт министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин жактырды

Автор

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды. Жыйында талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талапкерге депутаттар Гүлшаркан Култаева, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев жана бир топ эл өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаевдин ишине ийгиликтерди каалап, республика боюнча автожолдордун курулуш иштерин аяктоо зарылдыгына көңүл бурушту.
Жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-депутат Марс Насбековдун ордуна БШКга мүчө болот

Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети бүгүн, 3-сентябрда, Марс Насбековдун Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап жатат. Насбеков 2021-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасындагы Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигин (АРИС) жетектейт. Насбеков Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик квота боюнча көрсөтүлгөн. Азыр […]

Сизге жагышы мүмкүн