Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда да колдоо тапты.
Бул мыйзамды министрлер кабинети жана президенттин администрациясы да колдой тургандыгы белгилүү болду.
Аталган мыйзам долбоору Надира Нарматова тарабынан сунушталып, көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо тапкан.
Ага 52 депутат «макул», 7 «каршы» добуш берген. Айрымдары добуш бербесе, кээ бири белгисиз себептер менен жыйынга катышкан эмес.