ЖК комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзамды колдогон жок

Автор

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети бүгүн, 13-февралдагы жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон жок.
Жыйында мыйзам долбооруна алты депутат добуш берип, алардын үчөө «макул», үчөө «каршы» болду.
Талкуу маалында депутаттар Жанар Акаев менен Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун сынга алып, аны аягына чейин иштеп чыгуу зарыл деп белгилешти.
Эске салсак, Массалык маалымат каражаттарынын ишин тескеген мыйзам долбоору 55 беренеден турат. 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калгандыктан жаңы долбоор сунушталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында чемпионат өтөт

Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиишти. Маалыматка ылайык. мелдеш 20-21-февраль күндөрү Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Мелдештин жүрүшүндө 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 […]

Сизге жагышы мүмкүн