ЖК комитети Жаратылыш ресурстары министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду

Автор

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бүгүн, 3-сентябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду.
Аны кызматка дайындоо боюнча президенттин сунуштамасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Медер Машиев 1970-жылы Ош облусунун Жаны-Арык айылында туулган. Казак ССРинин Жамбул шаарындагы жеңил жана тамак-аш өнөр жайы боюнча институтун бүтүргөн. Жалал-Абад нан заводунда инженер-технолог, жеке ишканаларда күйүүчү май жана мунай продукциялары менен иштеген. 2016-2019-жылдары «Газпром Кыргызстанда» иштеген. 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январь айына чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин орун басары болуп эмгектенген. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионатында кыргызстандык жаш дзюдочулар 10 медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 2 алтын , 8 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Түштүк Кореянын Мунген шаарында өттү. Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) […]

Сизге жагышы мүмкүн