ЖК комитети Догдургул Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Автор

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаева талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Еврейлердин мектебине артыкчылык таанылбаш керектиги айтылды

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги каралды. Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Еврейлердин мектебине артыкчылык таанылбаш керектигин белгиледи. “Мен 2012-жылы шаардык кеңеште депутат элем. Ошондо, Еврейлердин мектебине муниципалдык имаратты беришип, анысы аз келгенсип, анын коммуналдык төлөмдөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн