Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду.
Эми талапкерлерди эртең, 17-майда парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер сунушталган. Алар «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, ал эми «Ыйман нуру» фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.