ЖК Замирбек Базарбековду кызматтан бошотууга макулдук берди

Автор

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушун киргизди.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Түркмөнстанга барат

КР Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн