ЖК “Жарнама жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Автор

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Жарнама жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Аталган мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды.
Мыйзам долбоорунун Марлен Маматалиев баштаган 25 депутат демилгелеген.
Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары жыйында министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген “Технологиялык парктар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чаралар министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы бекитилген тартипке ылайык көрүлүп жатат. Жергиликтүү байланыш операторлорунун сим-карталары менен активдештирилген телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталган. Бирок өлкө ичинде мобилдик аппараттарды алып келип саткандар чектөөлөрдүн алдын алуу үчүн аларды тез […]

Сизге жагышы мүмкүн