ЖК жалган жалаа жана кемсинтүүлөр боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

Автор

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан айыппулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин айтып, мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди. Мындан тышкары көзөмөл органдары турганда муну Маданият министрлигине берүүгө каршы пикирлер айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 63 депутат «макул», 6 депутат «каршы» добуш беришти.
Эске сала кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктоону каалап жатышат. Кошумчаларга ылайык, жалган жалаа, кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКС саммити: Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды

Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Казандагы БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуулар учурунда Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды. «Кытай-Бразилия демилгеси талкууланды. Ал жалпысынан колдоого алынат жана биз бул демилгени пайдалуу деп эсептейбиз»,-деди Ушаков «Известия» гезитине берген маегинде. Ал Украина маселеси БРИКС саммитинин бардык катышуучулары менен талкууланбаганын тактады. Май […]

Сизге жагышы мүмкүн