ЖК Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди

Автор

Бүгүн, 5-октябрдагы  Жогорку Кеңештин жыйынында Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Д.Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Өз кезегинде Догдуркүл Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды улантууга болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Анын ичинен, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү – башкы максат экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын норвегиялык жазуучу алды

2023-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы норвегиялык жазуучу жана драматург Юн Фоссеге ыйгарылды. Жазуучу сыйлыкты түшүндүргүс нерселерди билдирүүгө мүмкүндүк берген инновациялык пьесалары жана прозалары үчүн алды. Фоссе 1959-жылы туулган. Норвегиянын Берген шаарында жашайт. Ал 1983-жылы дебют жасап, ар кандай жанрларда 40 китеп басып чыгарган. Фоссе Европадагы эң популярдуу драматургдардын бири. Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн