Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп «Ата Журт —Кыргызстан» фракциясынан шайланган.