Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Марипов борбор калааны жылдыруу керектигин айтты.
«Кара түтүн, унаа тыгынды эки баштуу мэр келсе да чече албайт. Борбор калааны башка жакка жылдыруу керек. Антпесе, маселе чечилбейт экен. Ысык-Көлдө Асман шаары курулуп жатат. Ал жерге 10 миллиарддан ашык инвестиция тартылып жатат. Ал эми шаардагы темир жолду көчүрүүгө 500 миллион сом, жолдорду алганда 1 миллиард сом кетет экен. Ошол үчүн өкмөттү, Министрлер кабинетин шаардан алып чыгыш керек»,— деди ал.