ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт өнөктүгү башталды

Автор

Бүгүн, 10-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт.
Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял.
Жалпысынан мөөнөтүнөн мурдай шайлоого 44 талап катышуу тууралуу арыз берген, анын ичинен 12 талапкер катышуудан баш тартып, 3 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.
Эске салсак, үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнга белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Армения ОДКБга карыз экенин эскертишти

Армения бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) төгүмдөрдү төлөөдөн баш тартты. Бирок өлкөнүн каржылык милдеттемелери сакталып турат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрлик каржылык тартип бир тараптын мүчөлүгүн токтотуу же андай каалоосуна карабастан сакталаарын, бул дүйнөлүк практика экенин эске салды. Ереван 2024-жылдын май айынын ортосунда ЖККУнун ишин каржылоодон […]

Сизге жагышы мүмкүн