ЖК Алайдын унутта калган таштак жолдору айтылды

Автор

Алай районунда таштак жолдорду асфальттоо башталып,бирок аягына чыкпай токтоп калган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.
Депутаты Надира Нарматова Алай районундагы Бүлөлү айылы боюнча маселе көтөрүп, 3 километрлик таштак жолду асфальттоого тапшырма берилгени менен аткарылбай, жолдорго чөптөр чыгып кеткенин маалымдады.
Ал берилген протоколдук тапшырмалар аткарылбай жатканын билдирди. Мамлекеттик ишканалар арасында кагаз иштери бүтпөгөндүктөн олуттуу жумуштар кечеңдеп жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Тикенек баскан жайлоолорду ким куткарат?

“Суусамыр жайлоосун Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустарынын жарандары жайлашат. Учурда ал жайлоолорду алтыганат деген тикенек басып кетти. Анын жок кылуунун 3 түрү бар экен”,- деп билдирди Шайырбек Ташиев бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Депутат маалымдагандай 1-химиялык жолу. Бул башка өсүмдүктөргө да зыян алып келиши мүмкүн. 2-биологиялык жолу. Бул дары чачуу […]

Сизге жагышы мүмкүн