ЖК административдик-аймактык реформа жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Автор

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-июндагы жалпы жыйынында “Айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө”, “Кыргызстандын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Президент демилгелеген долбоор боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү жыйынга катышып, аймактык реформа тууралуу маалымат беришти.
Мыйзам долбоорлору администрациялык-аймактык түзүлүштү жана башкарууну реформалоону ыкчам жүргүзүү, региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюу жана акырында региондорду экономикалык өнүктүрүүгө багытталган.
Президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбооруна ылайык, 235 бириктирилген айыл аймактарынын жана 33 шаардын административдик чек араларын бекитүү сунушталган.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО Россиянын Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын колдоосунан кооптонууда

НАТО Россиянын президенти Владимир Путиндин Пхеньянга болгон визитинен кийин Россия Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КНДР) өзөктүк жана ракеталык программаларын өнүктүрүүгө жардам бериши мүмкүн деп кооптонууда. Алянстын башчысы Йенс Столтенберг “Алар өз ара коргонуу жөнүндө келишимге кол койгону бири-бирин колдоп жатканын көрсөтөт”,-деди ал Россиянын президентинин КНДРга болгон визити тууралуу айтып жатып. […]

Сизге жагышы мүмкүн