ЖКнын 7-чакырылышы элдин эсинде эмнеси менен калат?

Автор

ЖКнын 7-чакырылышы эмнеси менен элдин эсинде калаары айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
“Биздин 7- чакырылыш элдин эсинде “колдоп коелу, талкуулабай эле коёлу” деген менен калдык. Андай болсо, тарап эле кетпейлиби”,- деди
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев. “Бизди нотариалдык кеңседен айырмаңар жок деп жатышат. Уят да, маселени талкуулайлы. Мен жогоруда айткан кесиптешинин сунушуна каршымын”,-деди. Парламенттик жыйын башталаары менен депутат Камила Талиева сөзгө чыгып, өкмөткө байланыштуу маселелерди талкуусу жок эле алып берүү сунушун берген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 62 млн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат. Улуттук банк жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 264 миллион 950 миң доллар сатып алды. Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн