Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Умбеталы Кыдыралиев жетектейт. Мындай чечим комитеттин отчеттук-шайлоо конференциясында кабыл алынды.
Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине жалгыз талапкер болгон. Ал буга чейин бокс федерациясынын президенти кызматын аркалап келген.
Буга чейин Олимпиада комитетин жетектеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттикке келди.
Эске сала кетсек, Умбеталы Кыдыралиев Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.
Мигрант балдардын орус тилин билүү деңгээлин текшерүү апрелде башталат
Шей Дек 24 , 2024