Жумгал районундагы “Аурдин” базарына берилип кеткен 28 сотых жердин тагдырына вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кызыкты. Ал былтыр да башкы прокуратурага кайрылып, иш козголгонун бирок, кийинчерээк кылмыш иш кыскарып кеткенин айтты. Республика боюнча жалпы канча гектар жер же, участоктор берилип кеткенин сурады эле прокуратура кызматкерлери жазуу түрүндө бермей болушту. Вице-спикер “Жумгалда 3 жылдан бери жерди мамлекеттин эсебине өткөзө албай жүрөбүз”,- деди.