Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөр 23-ноябрда Минскиде өткөн саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияны тапшырышты. Документте аскердик блоктун мүчөлөрүнүн күч колдонуудан баш тартууга милдети жана алар менен башка мамлекеттердин ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү ниети баса белгиленди.
“Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттер аралык мамилелерде күч колдонуу же күч колдонуу менен коркутуудан алыс болууга жана өзүбүздүн жана башка мамлекеттердин ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуубузду ырастайбыз”,-деп айтылат декларацияда.