ЖККУ Борбор Азияда аскердик машыгууларды өткөрөт

Автор

Жакын арада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Борбор Азия мамлекеттеринде аймактагы туруктуулукту коргоо боюнча бир катар аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу 20-августта Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдирди.
«Жакынкы жумаларда Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан аймактарында ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн ар кандай бөлүктөрү менен Борбор Азия регионундагы туруктуулукту жана жамааттык коопсуздукту коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди иштеп чыгууга багытталган бир катар машыгуулар өткөрүлөт”,-деди ал.
ЖККУнун курамына алты мамлекет кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын ички карызы 600 млн сомго көбөйдү

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 157 миллиард 471,6 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, карыз 16-августка салыштырмалуу 600 миллион сомго көбөйгөн. Бул 10 жылдык облигациялар аркылуу мамлекеттик карыз алуунун көбөйүшүнө байланыштуу, анын карызы 45,4 миллиард сомдон 46 миллиард сомго чейин өскөн. Кошумчалай кетсек, 10 жылдык […]

Сизге жагышы мүмкүн