Жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 7 медаль утту

Автор

Кыргызстандын жаштар арасындагы жиу-житсу боюнча курама командасы 8-Азия чемпионатында 7 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 3-майдан 8-майга чейин болуп өттү. Чемпионатка 30га жакын өлкөдөн келген 1300дөн ашык спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
-Султан Русланбеков(U-18, 69 кг);
-Салим Хунлов(U-18, 77 кг);
-Янар Сарыбаев(U-18, 85кг);
-Имран Магомедов (U-21, 85 кг);
-Нурсултан Куштарбек уулу(чоңдор жана жаштар арасында 2 коло медаль жеңди, 62кг);
-Жангазы Курманбеков(U-21, 94 кг)

Бөлүшүү:
Next Post

«Алтын тамга» аттестациясы 14-майда өтөт

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 14-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. «Алтын тамга» тестине жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат. Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, […]

Сизге жагышы мүмкүн