Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жаңжалды чечүүнүн альтернативдүү планы каралды.
Бул планды Сауд Арабиясынын бийликтери жана бир катар башка өлкөлөр сунуштаган.
Альтернативалуу планда Украинанын бүтүндүгү, бардык фронттордо ок атышпоо, БУУнун көзөмөлү астында тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы жана туткундарды алмашуу каралган.
Сүйлөшүүлөргө АКШ, Польша, Кытай, Индия, Улуу Британия жана Түштүк Африканын өкүлдөрү катышууда. Максаты – глобалдык түштүк өлкөлөрүн, башкача айтканда, Бразилия, Индия жана Түштүк Африканы Европа өлкөлөрү жана АКШ менен Украина боюнча тынчтык планынын айланасында бириктирүү болуп саналат.
Жиддадагы жолугушууга Россия чакырылган жок.