Жеңиш Токторбаев: “Өкмөт цементти арзандатсын же, мораторийди алып салсын”

Автор

“Мына, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, курулуш иштери жанданды. Мисалы, бир эле мамлекеттик ипотекалык компанияны алсак, 2 млн квадрат/ метр болгон 40 миңден ашык батирлер курулуп жатат”,- деп билдирди депутат Жеңиш Токторбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Белгилүү болгондой, анын дарегине курулуш менен алектенген бир топ жарандар кайрылышып, өлкөдөгү цементтин кымбатташына нааразычылыктарын билдиришкен.
“Азыр Жалал-Абадда цементтин баасы 7 сом 30 тыйынга чыкты. Ош шаарында 6 сом 20 тыйын. Аябай кымбаттап кеткенинин себеби, өкмөт цементти сырттан алып кирүүгө мораторий киргизип салган. Ушундан улам цементтин баасы аябагандай өсүп кетти. Өзүңөр билесиңер, цемент курулуш тармагы боюнча өтө маанилүү. Андыктан, өкмөт же, цементти арзандатсын же, мораторийди алып салсын”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашуулардагы абал айтылды

Арал постунда 20-ноябрга караган түнү саат 3:30да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, аталган аймакты караган 23-Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырымдар аралыгын (Ала-Бел ашуусу) тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун […]

Сизге жагышы мүмкүн