Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүү тескемесине кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт. Алардын ичинен:
12 – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
35 – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
9- Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жайлардын жашы жете элек туткундарынына;
12 – 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга, “Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна” белгиси менен сыйланган адамдарга берилет.