Жеңиш жүрүшүнө 19 өлкөнүн аскерлери чакырылды

Автор

Москвада 9-майда өтө турган Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жүрүшкө 19 достук мамиледеги өлкөлөрдүн аскерлери чакырылган. Алардын ичинен он мамлекет катышарын тастыктады. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов «Жеңиш» уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
«Кызыл аянттагы парадга катышуу үчүн 19 дос мамлекеттин аскер бөлүктөрү чакырылды»,-деди министр.
Чакырууну кабыл алган мамлекеттердин ичинде мурдагы СССРдин жети өлкөсү бар экенин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Айпери Медет кызы Хорватияда өтүүчү "Загреб Опен" рейтингдик турнирине катышат

5-9-февраль аралыгында Загребде (Хорватия) эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча “Загреб Опен” ири эл аралык рейтингдик турнир өтөт. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты (uww.org) билдиргендей, кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча катышат. Хорватияда кыргызстандык балбан 76 кг салмакта күч сынашып, тизмеге Россия, Венгрия, Индия, Литва жана АКШдан 6 […]

You May Like