Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Автор

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Барскон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 700 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан алып келинет.
Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 млн киловатт-саатты түзөт. Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалууда.
Белгиленгендей, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу үчүн облус боюнча 31 жер тилкеси бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Велоспортчулар Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын велоспорт боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 5-12-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Курама командынын тизмеси: Данияр Велямов; Мухеммед Али Маткаримов;; Эрлан Оролов; Алла Вороная; Алиман Чалова. Курама команда улук машыктыруучу Александр Дядичкиндин жетекчилигинде мелдешке катышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн