Жети судья кызматтан бошотулат

Автор

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун берген сунуштарын эске алып, Судьялар Кеңеши бир нече судьяларга чара көрүүнү чечти.

Ага ылайык, төмөндөгү судьяларды мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу президентке сунуш жөнөтүлдү. Алар Байзаков Н.М., Жамангулов Ж.Ж., Алгожоев З.Б., Алыбаев З.Э., Токтомаматов К.Ж., Сарыбаев Б.А. жана Мойдунов А.А.

“Ошондой эле Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы К.Ж. Калиевага, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьялары Б.О. Иманбеков, Чүй облустук сотунун судьялары И. В. Горшковская, Г. Т. Кожобекова, Г. Т. Масабирова жана Нарын шаардык сотунун төрагасы С. Ы. Осмоновго карата тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судьяга карата төрт сунуш боюнча баш тартылып, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды”,- деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн