Жети жаштагы индиялык кыз йога боюнча эң жаш инструктор катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Пранви Гупта 3,5 жашында йогага кызыгып баштаган. Жети жашында ата-энеси аны инструкторлукка киргизип, азыр ал өз алдынча сабак берип, магистрдик сертификатка ээ болду. Кыз төрт айлык окуу курсун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Йога мындан 2,5 миң жыл мурда Индияда пайда болгон. Анын популярдуулугу жыл сайын өсүп жатат. Йоганын мекенине жыл сайын миллиондогон туристтер келип, машыгып, физикалык жактан өздөрүн өнүктүрүп келет.