Жер титирөөлөр Япониянын жээктерин жылдырды

Автор

Бир катар күчтүү жер титирөөлөр Япониянын жээк сызыгын 250 метрге жылдырды. Спутниктен тартылган сүрөттөр деңизди жээктен сүрүп салганын көрсөтүүдө.
Ното жарым аралы катуу жабыркады. Азыр жергиликтүү балыкчылардын кайыктарын коё турган жери жок.
Эми эксперттер жээк сызыгынын жылышынын айлана-чөйрө үчүн кесепеттерин аныктоого аракет кылып жатышат.
1-январда Япониянын борбордук бөлүгүндө бир катар жер титирөөлөр болгон. Аларга “Ното жарым аралындагы жер титирөө” деген аталыш берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Ми-8 аскердик тик учагы кулады

Бишкектеги “Фрунзе – 1” авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. “Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те “Фрунзе – 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Борт 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат билдирүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн